Өкмөт Кореядан эмгек мигранттарга квотаны көбөйтүүнү өтүндү

Өкмөт Кореядан эмгек мигранттарга квотаны көбөйтүүнү өтүндү

Бүгүн, 25-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кореянын ишке орноштуруу жана эмгек министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Меморандумга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Кореянын иш менен камсыз кылуу жана эмгек министри Ли Чжонг Сиктин жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

Документтин максаты — иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Базарбаевдин айтымында, кореялык иштөөгө уруксат берүү системасынын (EPS) алкагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө.

“Кыргызстандыктар Кореянын ишканаларында ийгиликтүү иштеп, жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишими түзүлгөн. Көпчүлүгү тамак-аш жана кагаз өнөр жайында эмгектенишет. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан турак жай жана тамактануу каржыланат. EPS системасы боюнча өткөн жылы 888 адам, быйылкы жылдын башынан бери 269 адам жумушка орношкон. Биз EPS системасына жеке компанияларды жана ишкерлерди тартуу жолу менен квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз», — деди министр.

Жолугушууда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү алкагында жакырчылыкты жеңүү жаатында тажрыйба алмашуу жана калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы кызматтарды санариптештирүү маселелери талкууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>