Кыргызстандык текстилчилер эми Италиянын рыногуна чыга алат

Кыргызстандык текстилчилер эми Италиянын рыногуна чыга алат
Кыргызстандык текстилчилер үчүн Италиянын рынокторуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Евразиялык бизнес клубунун ассоциациясынын алдындагы Текстилди өнүктүрүү борборунун демилгеси жана USAIDдин Борбордук Азиядагы соода долбоорунун каржылык колдоосу менен төрт тигүү компаниясы 11-13-июль күндөрү Миландагы көргөзмөгө катышты.
Бул сапардын алкагында биздин катышуучулар төмөнкү жерлерге барышкан.
— Италиядагы кездемелер жана аксессуарлар боюнча эң ири көргөзмө «Milano Unica»;- 85 жылдык тарыхы бар «Canali» эркектердин люкс кийимдерин чыгарган өндүрүштүк компания;
— кесүү бөлүмүн автоматташтыруу үчүн тигүү өнөр жайы үчүн инновациялык машиналарды жана жабдууларды чыгарууга адистешкен IMA Group компаниясы.

«Иш сапардын жүрүшүндө көргөзмөнүн катышуучулары тигүү жана текстиль өнөр жайындагы инновациялык иштеп чыгуулар, экологиялык жана технологиялык чечимдерди эске алуу менен өндүрүштү башкаруунун жаңы ыкмалары, заманбап инновациялар жана алдыңкы санариптик технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чарага катышуунун негизги максаттары: текстиль жана тигүү өнөр жайы үчүн акыркы технологиялар менен таанышуу, жаңы бизнес мамилелерди түзүү, инновацияларды/жаңы тенденцияларды издөө, жаңы продукциялар жана технологиялар жөнүндө маалымат алуу, адистештирилген семинарларга катышуу болду», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында 24 адамдан турган. Көргөзмөгө катышуунун натыйжасында 10 компания 42 жаңы бизнес байланыштарды түзүп, 4 компания келечекте керектүү жабдууларды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>