Кыргызстан менен Австриянын милициялары кызматташат 

Кыргызстан менен Австриянын милициялары кызматташат 

Жумушчу иш сапардын алкагында ИИМдин делегациясы Вена шаарындагы Австриянын Федералдык полициясынын ишмердүүлүгү менен таанышты, ал австриялык кесиптештери менен тажрыйба алмашууга багытталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кыргызстандын Австриядагы жана ЕККУдагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ведомстволор ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

Делегациянын курамына ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИМдин КККнын башчысы милициянын полковниги Сталбек Рахманов, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Жангабылов, Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин колдоо боюнча ассоциациянын директору Шамшыбек Мамыров жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев болгон.

Иш сапар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы коопсуздукту биргелешип камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу жаатында билим алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаларды өткөрүп берүүгө, социалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө, милициянын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти арттыруучу механизмдерди изилдөөгө багытталган.

Кыргыз тарап Австриянын Федералдык полициясынын ишмердүүлүгү жана иштөө ыкмалары менен таанышты.

Ошондой эле кызматкерлерди окутуу жана даярдоо, укук тартиби чөйрөсүндө заманбап технологияларды колдонуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоого инновациялык ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Иш сапар эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүдөгү маанилүү кадам болуп, тажрыйба алмашуу өлкөлөргө заманбап коркунучтарга натыйжалуу каршы турууга жана жарандарды коргоонун туруктуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>