Бишкекте бош орундар жарманкеси өттү

Бишкекте бош орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарында 3 миң катышуучунын башын бириктирген бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага потенцияалдуу 80 ден ашуун алдыңкы компаниялар катышып, 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жарманкелерди иш менен камсыз кылууну кеңейтүүнүн актуалдуу механизми деп атады.

«Бош иш орундар жарманкесинин натыйжалуулугун эске алуу менен министрлик жыл сайын ушундай иш-чараларды өткөрөт. Ишке орноштуруу кызматтары мектеп окуучулары менен кесипке багыттоо иштерин туруктуу негизде жүргүзүшөт. Ар бир жаран жумушка орношуу же кесиптик билим берүү жаатында акысыз кеңештерди ала алат. Министрлик тарабынан аз камсыз болгон үй – бүлөлөр үчүн иш менен камсыз кылуу-«социалдык контракт», ишкер аялдарды колдоо, кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу ж.б. программалары ишке ашырылууда», — деп маалымдады министр.

Ошондой эле жарманкеде иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүштү. Мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышты. Жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер дагы берилди.

Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – КР Эмгек министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы.

Жарманке Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы, Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германия Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу» долбоорунун колдоосу менен чогуу уюштурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>