Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган концерт өттү

Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган концерт өттү

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында, 1- февралда,  Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган классикалык музыкалардын концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги билдирди.

Эки элдин достугун бекемдөөгө арналган салтанаттуу маданий иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латив Гандилов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргызстандын эл артисти Муратбек Бегалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана Кыргызстандагы азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

«Концертте Азербайжандын эл артисти Ялчин Адигезаловдун дирижёрлугу астында Азербайжандын классикалык музыкасынын атактуу аткаруучулары классикалык чыгармаларды тартуулашып, көрүүчүлөрдүн маанайын жаркытты», — деп билдирет министрлик.

Эске салсак, Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>