«Манас» аэропортунда ички каттамдарды каттоо жайы өзгөрдүБишкектиктерди 1999-жылы менчиктештирилген батирлеринен ажыратып жатышатМамлекеттик органдар балдар жана карылар үйлөрүн колдоого алатДепутат майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенти болуп иштөө үчүн курактык чекти жогорулатууну сунуштадыБишкек өзгөрүүдө, жана бул талаш-тартыштарды жаратууда — академик Чолпонкул Арабаев борбор калаанын келечеги тууралууКазакстан Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия менен жүк ташууларды санариптештирди
Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында тыгыз кызматташат
19.09.2023 | 22:04
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылуу маселелери козголду.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
– агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу;
– айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу;
– айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо;
– соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандын КЭРге айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом