Asman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып беришти
Кыргызстан менен Орусия отун-энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады
19.06.2022 | 11:15
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров XXV Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуунун алкагында Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак менен жолугушту.
Жолугушууга Орусиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин да катышты.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн мунай-газ тармагындагы кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Новак өз кезегинде отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат