Бишкектин айрым райондорунда газ берүү токтотула баштады. Себеби

Бишкектин айрым райондорунда газ берүү токтотула баштады. Себеби

Бүгүн, 19-июндан тарта газ өчүрүүлөр башталды. Буга чейин компания 20-июндан 20-июлга чейин Бишкектин борборунда газ түтүктөрүн пландуу оңдоо иштери келерки күз-кыш мезгилине чейин жүргүзүлөрүн маалымдаган. Бишкектин бардык борбордук району бул мезгилге чейин газсыз калат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Өчүрүлө турган аймактар:

— Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы),  Малышева, Касымалы Баялинов (БЦК), «Жибек Жолу» жана башка көчөлөрдө газ өчүрүлөт.

— «Кулжа Бик» ЖЧКсы, «Байтур» ЖЧКсы, «БТЭ», «Алкони» ЖЧКсы, «Автомаш Радиатор» ЖЧКсынын отканалары да газсыз калат.

Бул убакыттын ичинде газ түтүкчөлөрүнүн өтө эскирген участоктору жана жабдуулар алмаштырылат. Бул орто жана төмөнкү басымдагы газ проводдору 1970-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми өзүнчө чакан участоктордо өчүрүү газ скважиналарында клапандардын жана крандардын бузулушуна байланыштуу мүмкүн эмес.

Жаратылыш газын берүү газ түтүктөрүн оңдоо иштери аяктаганда кайра жанданат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>