Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Баткенде жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Баткенде жолукту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кечээ ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланды. Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгендигине байланыштуу өкүнүч билдиришип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен көп пландуу иштерди активдештирүү жана топтолуп калган чек ара маселелерин жоюу тууралуу ойлорун айтышты. Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча эки жактуу колдоону жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгын ырасташты.

Өкмөт башчылар аны менен бирге эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бардык деңгээлде өз ара аркеттешүүнү активдештирүүнү жана чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардын калкы арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырышты. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>