Кыргызстан менен Тонга дипломатиялык мамилелерди түздү

Кыргызстан менен Тонга дипломатиялык мамилелерди түздү

Кыргызстан менен Тонга Падышачылыгынын ортосунда. 7-декабрда, дипломатиялык мамилелер орнотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Тонга Падышачылыгын БУУдагы туруктуу өкүлү Вилиами Ваинга Тоне кол коюшту.

«Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет», — деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун алкагында эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>