450 млн сомго электромобилдер сатып алынат. Жапаровдун жообу

450 млн сомго электромобилдер сатып алынат. Жапаровдун жообу

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 450 млн сомго сатылып алынары пландалган электромобилдер боюнча түшүндүрмө берди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев президенттин иш башкармалыгы 450 млн сомго электрмобилдерди сатып аларын айтты.

«Бул каражатты бардык жарандар үчүн экологияга жумшаса жакшы болбойт беле?», — деп суроо салды депутат.

Сурооого Акылбек Жапаров жооп берди.

«Экология ушундан башталат, биз акырындап электр энергия жана газ менен жүргөн унааларды алууга өтө баштайбыз. Мындан кийин керектөөлөр болгондо, экологияны эсепке алуу менен (каражат – ред.) бөлүнөт. Акырындап бак тигип, таштандыны кайра иштетүү менен алектенебиз, мунун баары бара-бара болот. Тилекке каршы 1,2 млн унаа бар, алар башка мамлекетте 10-30 жыл колдонулгандан кийин бизге алынып келген. Катализаторлору жок. Бул да эң башкы маселелердин бири. Ошондуктан, биз бизнеске да, элге да электр унааларын сатып алуу боюнча үлгү көрсөтөлү дедик», — деди ал.

Эскерте кетсек, 6-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөт 450 млн сомго электрмобилдерди сатып алууну пландап жатканын айтып чыккан. Жыйынга катышып жаткан каржы министри Алмаз Бакетаев быйыл электромобилдердин бир бөлүгү 45 млн сомго, 2023-жылы 405 млн сомго сатылып алынарын билдирген.

Министрлер кабинети 450 млн сомго электромобилдерди сатып алат

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>