ИИМ башчысы Анкарада түркиялык кесиптеши менен жолукту

ИИМ башчысы Анкарада түркиялык кесиптеши менен жолукту

Бүгүн, 20-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын борбору Анкара шаарына иш сапар менен барып, Түркиянын жаңы ички иштер министри Али Ерликая менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков кесиптешин Түркиянын ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, министрликтердин ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, Улан Ниязбеков кыргыз тарап бир нече жолу Түркияга келип, Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү жана жасалган реформалары менен таанышкандан кийин, алгылыктуу кадамдарын кыргыз милициясына киргизүү аракети көрүлүп жатканын айтты. Маселен,  коомдук тартипти камсыздоо боюнча окутуп-үйрөтүүлөр түрк адистери тарабынан өткөрүлүп, тиешелүү техникалар алынды. Ошондой эле Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бир топ орундар берилүүдө. Мындан тышкары оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармап, кайтарып берүүдө алгылыктуу иштер жасалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМ башчысы жогоруда көрсөтүлгөн жардамдары үчүн Түркиянын Ички иштер министрлигине ыраазычылык билдирди.

«Мындан ары да эки өлкөнүн бейпилдиги үчүн кызматташууну күчөтүп, өркүндөтөбүз деп толук ишенем. Өзгөчө трансулуттук, баңги, киберкылмыштарга жана экстремизмге каршы туруу негизги багыттар экендигин белгилеп кетер элем.  Түркия Ички иштер министрлигинин укук бузууну алдын алуудагы, кылмышка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин, өзгөчө кибер кылмыштарына каршы күрөшүү, жол коопсуздугун камсыз кылуудагы тажрыйбаларын үйрөнүү жана материалдык-техникалык жардамдар боюнча долбоорлорду жаңыртууну ишке ашырсак деген тилектемин.

Бүгүнкү ааламдын тездик менен глобалдашуусу миграциянын өнүгүшүнө, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө мигранттык агымдардын күчөшүнө алып келип, Кыргызстан үчүн да актуалдуу маселелердин бирине айлануу менен көйгөйлөрдү да жаратууда. Бул маселени козгогонумдун себеби Кыргызстандын 25-30 миң жараны эмгектенүү, окуу үчүн же турист катары Түркияда жүрүшөт. Ал эми жайкы мезгилде мигрант жарандарыбыздын саны 50-60 миңге жетет. Бул багытта биздин негизги максатыбыз алардын коопсуздугун камсыздап, мыйзамдуу келип-кетүүсүнө, эмгектенүүсүнө, окуусуна, дарылануусуна же эс алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүү», — деди ал

Сөзүнүн аягында Улан Ниязбеков эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы мамиленин бекемдигине, өз ара аракеттенүүнүн жемиштүү жыйынтыктарына токтолуп, мындан арды кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.

«Биздин министрликтердин ортосундагы жылуу мамиле ишмердүүлүккө эле эмес, түрк тилдүү эки элдин боордоштугуна да негизделген деген ойдомун. Ал эми биздин бүгүнкү жолугушуубуз эки өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандарыбыздын бейпил турмушу үчүн дагы жаңы ийгиликтерди жаратабыз деп ишенем.  Мен бардык маселелер боюнча сиз менен сүйлөшүүгө ар дайым даярмын жана кийинки жолугушууга мейман катары Кыргызстанга келүүңүздү чакырам»,- деди ал.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жакындан жардам көргөзгөн кыргыз элине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>