Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Кыргызстан Өзбекстанга 16,8 миң тонна картошка саткан
28.11.2022 | 12:31
Быйыл 10 айда Өзбекстан Кыргызстандан 16,8 миң тонна картошка сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл январь-октябрь айларында Өзбекстан сырттан 404,1 миң тонна картошка импорттогон. Ал былтыркыга караганда 14,7 миң тоннага көп.
Өзбекстан картошканы көп сатып алган өлкөлөр:
Пакистан – 258,2 миң тонна,
Казакстан – 96,3 миң тонна,
Кыргызстан – 16,8 миң тонна,
Россия – 15 миң тонна,
Нидерланд – 6,3 миң тонна,
Иран – 5,6 миң тонна.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз