Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстандын ички карызы дээрлик 85,5 млрд сомго жетти
28.11.2022 | 11:57
25-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик вексель жана облигациялардагы ички карызы 85 млрд 484,3 млн сомго жетти.
Кыргызстандын ички карызынын өсүшү 18-21-ноябрь күндөрү болгон. Анда Каржы министрлиги 10 жылдык мамлекеттик облигациялардын эсебинен 535 млн сом карыз алган.
Ошол эле учурда, аталган күндөрү 12 айлык векселдер боюнча 6 млн сом карызды төлөгөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын ички карызы жыл ичинде 34,2%га же 21,8 млрд сомго көбөйгөн: 63,7 млрд сомдон 85 млрд 484,3 млн сомго чейин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз