«Кыргызстан» партиясы бюллетенде 15-номерде

«Кыргызстан» партиясы бюллетенде 15-номерде

Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын добуш берүү бюллетендеги катар номерлери аныкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы менен “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышууга укук алган 16 партиянын ичинен 15-сапка туш келди.

Биздин шайлоочулар бюллетенди алып добуш берүү үчүн кабинага кирген соң “Кыргызстан” партиясын оңой эле таба алышат.

Урматтуу шайлоочулар, эгерде сиз парламентте кесипкөй жана жоопкерчилитиктүү адамдардын келишин кааласаңыз, анда “Кыргызстан” саясий партиясын тандаңыздар!

Партияга энчиленген 15 номерине байланыштуу «Кыргызстан» партиясынын «ЭЛ ҮЧҮН» программасындагы негизги 15 багытты тизмектеп кетели:

  1. Чиновниктердин санын кескин кыскартабыз!
  2. Мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартууга шарт түзөбүз!
  3. Кен байлыктардын кирешеси – элге!
  4. Фермерлерди кооперативдерге бириктирип, айыл-чарба продукцияларынын экспорттоого басым жасайбыз
  5. Салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз
  6. Заманбап медицина — улуттун ден соолугунун негизи!
  7. Таштандыларды кайра иштетип жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылабыз!
  8. Турак жайга укук — ар бир жарандын ажыратылгыс укугу!
  9. “Балага сүйүнчүнү” 4 миң сомдон 50 000 сомго чейин жеткиребиз
  10. Мугалимдердин татыктуу жашоосу – биздин келечекти камсыз кылат!
  11. Калктын аялуу катмарына өзгөчө көңүл бурабыз
  12. Билим берүү жана маданият — элдин башкы баалуулугу!
  13. ЕАЭБдеги жана  ВСП+ мүмкүнчүлүктөрдү 100% пайдалануу
  14. Сөз эркиндиги – биздин демократиянын негизи
  15. Мыйзамдын үстөмдүгү бизнестин өнүгүшүнө жол ачат!

 

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 11.09.2020 (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>