Кыргызстан “Печора-2БМ” зениттик-ракеталык комплексин сатып алды

19.10.2022 | 13:54

Кыргызстан Беларустан “Печора-2БМ” абадагы соккулардан коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин сатып алууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Министр учурда өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнө, авиацияга көп көңүл бурулуп жатканын. Ал белгилегендей, 6-7 тик учак чет мамлекетте оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүүдө. Алар жыл аягына чейин келет.

“Абадан коргонуу боюнча зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу боюнча “Белтехэкспорт” менен келишимге кол койдук. Ушул айдын аягында келет деп пландаштырып жатабыз. Ал – “Печора-2БМ” деген заманбап абадан коргонуу зениттик-ракеталык комплекси. Бул жакка алынып келгенден кийин, Баткенге коюп, абаны жапканга аракет кылабыз”, – деди ал.

Ошондой эле ал башка бир катар иштер жасалып жатканын жана коомчулук ал тууралуу жыл аягына чейин кабардар болорун белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top