Кыргызстан Россия менен ай сайын 100 миң тонна КММ жеткирүү боюнча макулдашты — Амангелдиев

Кыргызстан Россия менен ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жеткирүү боюнча макулдашты. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тастыктады.
Анын айтымында, жетишилген макулдашуу 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.
Буга чейин Россиянын өкмөтү күйүүчү майдын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга жаңы убактылуу тыюу киргизип, ички рынокто мунай продуктыларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар башка чараларды бекиткен.
Кол коюлган токтомго ылайык, бензин, дизелдик отун, кеме отуну жана газойлду экспорттоого убактылуу тыюу 1-августтан тартып 2027-жылдын 31-январына чейин күчүндө болот — мурунку тыюу салуунун мөөнөтү 31-июлда аяктаган. Ошол эле учурда, эгерде аларды түздөн-түз өндүрүүчүлөр өлкөдөн чыгарса, 1-сентябрдан тарта чектөөлөр дизелдик жана кеме отунуна, ошондой эле газойлго колдонулбай калат. Өкмөттүн чечимдерине ылайык, чет мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн жана эл аралык өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында күйүүчү майды өлкөдөн чыгарууга мурдагыдай эле уруксат берилет.
Ошентип, августта өндүрүүчүлөр үчүн дизелдик отунду экспорттоого тыюу күчүндө болот, ал эми 2027-жылдын 31-январына чейин — рыноктун бардык катышуучулары үчүн бензинди, ошондой эле өндүрүүчү эместер үчүн дизелдик отунду экспорттоого тыюу сакталат.
Анара Мамытова