26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалууда
Кыргызстан Шри-Ланкага бал жана кургатылган жемиштерди экспорттоого кызыктар
01.02.2024 | 20:16
Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси Аскар Бешимов аталган мамлекеттин айыл чарба министри Махинда Амаравир менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба тармагында кызматташтыкты түзүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын айыл чарба продукциясын, тактап айтканда балды жана кургатылган жемиштерди Шри-Ланкага экспорттоо маселеси көтөрүлдү.
Муну менен катар Шри-Ланка тарап мөмө-жемиштерди жана айыл чарба азыктарынын башка түрлөрүн өстүрүү боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга Цейлон чайын жана кофесин экспорттоо маселесин көтөрдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар