«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды
Борбор Азиядагы кайсы өлкө АКШга виза алуу боюнча алдыда?
01.02.2024 | 21:04
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2023-жылга карата В1/В2 категориясындагы туристтик визаларды берүүдөн баш тартуунун статистикалык көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Ага ылайык, кыргызстандыктар Борбор Азиядан АКШга туристтик виза алуу боюнча биринчи орунда турат. Тактап айтканда, Борбор Азиядан кыргызстандыктарга виза берүүдө баш тартуу көрсөткүчү төмөн.
2023-жылы Борбор Азиядан АКШга туристтик визага тапшыргандардын ичинен Өзбекстандын 59,56%, Тажикстандын 54,96%, Түркмөнстандын 51,10%, Казакстандын 41,93%, Кыргызстандын 41,54% гана виза албай калган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар