Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Кыргызстан Социалисттик партиясы ачкачылык жарыялоодон баш тартты
14.04.2021 | 11:53
Кыргызстан социалисттик партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын ачкачылык акциясына кошулуу чечимин өзгөрттү.
Партиянын өкүлү Нурбек Жоробековдун айтымында, мындай чечимди партиялар кабыл алышкан, бирок ал активист катары макул болбогондорду колдойт.
Эскерте кетсек, 14-апрелде бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын жанында ачкачылык жарыялоого камданып жатышат. Буга чейин ачкачылык акциясы үч күн бою уланаары, ал эми алар тамактануудан гана баш тартышканы жарыяланган. Эгер бийлик чечимин өзгөртпөсө, ачкачылык акциясы улана берет.
11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат