Кыргызстан текстиль өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстанга соода миссиясын уюштурат

21-майда Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Өзбекстан Республикасынын Жеңил өнөр жайды өнүктүрүү агенттиги менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ата мекендик текстиль тармагынын өндүрүүчүлөрүнүн коңшу өлкөгө боло турган масштабдуу соода миссиясына даярдык көрүүнүн алкагында өттү.
Миссиянын программасы B2B-жолугушууларын, байердик программаларды жана тармактын алдыңкы ишканаларына бизнес-экскурсияларды уюштурууну камтыйт. Катышуучулар түз ишкердик байланыштарды орнотууга, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө жана продукцияны өндүрүүнүн жана экспорттоонун жаңы эл аралык стандарттарын үйрөнүүгө негизги көңүл бурушат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүгө жана жеңил өнөр жай тармагындагы байланыштарды чыңдоого болгон ниеттерин ырасташты. Биргелешкен долбоорлор жана алдыда күтүлүп жаткан миссия эки республиканын тең текстиль тармагынын экспорттук потенциалын олуттуу жогорулатууга багытталган.