Эксклюзив

«Кыргызстан транзиттик туңгуюктан чыкты»: эксперт ШКУ саммитинин артыкчылыктары тууралуу

07.09.2026 | 13:37
«Кыргызстан вышел из транзитного тупика»: эксперт о выгодах саммита ШОС — Новости Кыргызстана

Бишкектеги ШКУ-2026 саммити эч кандай мүчүлүштүксүз өтүп гана тим болбостон, маанилүү эл аралык диалог аянтчасына айлана алды — КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын мурдагы ректору Алмаз Насыров Reporter.kg басылмасына берген маегинде саммиттин жыйынтыгын ушундайча баалады. Анын баалоосу конкреттүү инфраструктуралык долбоорлордон баштап, өзгөрүп жаткан дүйнөлүк финансылык архитектурадагы Кыргызстандын ордуна чейинки бир нече деңгээлди камтыйт.

Транспорт, энергетика жана инвестиция — үч негизги багыт

Эксперттин айтымында, саммит Бишкекке транспорттук-логистикалык тармактагы, энергетикадагы келечектүү долбоорлорду илгерилетүүгө жана инвестициялардын агымын жандандырууга мүмкүндүк берди.

Анын баамында, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу жөн гана транзиттик төлөмдөрдү алып келбестен, каттамдын боюнда соода-логистикалык кубаттуулуктар жана жаңы ишканалар пайда болот. «Бедел» автожолунун курулушунун бүтүшү кошумча логистикалык артыкчылыктарды жаратат. Ал эми энергетика тармагында негизги басым аймактык рынокторду өнүктүрүүгө жана технологиялык трансферге жасалды.

«Бул Кыргызстанга гидроэнергетикага жана “жашыл” энергетикага кошумча инвестицияларды жана жаңы технологияларды тартууга, энергия тартыштыгын жоюуга жана мурда кабыл алынган милдеттенмелерге, анын ичинде CASA-1000 долбооруна ылайык энергетикалык рыноктун толук кандуу катышуучусу болууга жол ачат», — деп белгиледи Насыров.

Эксперт ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүүнү тездетүү боюнча демилгелерди маанилүү чечим деп атады, бул кыска мөөнөттүү келечекте өндүрүш секторлоруна жана инфраструктурага инвестицияларды жигердүү тартууга шарт түзөт.

Ошондой эле ал санариптештирүү маселесине өзгөчө токтолду: «Бажыны санариптештирүү экспорттук-импорттук операциялардын ачык-айкындуулугун камсыздоону тездетет жана бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн бир нече эсе көбөйтөт».

Индия океанына жана Перс булуңуна чыгуу

Транзиттик потенциал тууралуу сөз кылып, Насыров саммиттин жыйынтыктарын Кыргызстан үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк деп атады.

Анын айтымында, Торугарт, Кашгар жана Хунжераб аркылуу Карачиге чейин созулган Кыргызстан — Кытай — Пакистан мультимодалдык коридору республикага Индия океанына түз чыгууга жол ачат. Ал эми Ирандын Кыргызстанга Бендер-Аббас портунан логистикалык борбор бөлүп берүү сунушу Перс булуңуна чыгууну камсыздап, кыргыз соодасын Иран, Түркия жана булуң өлкөлөрүнүн жеткирүү чынжырларына интеграциялоого мүмкүнчүлүк берет.

«Саммиттин жыйынтыктары Кыргызстандын транзиттик туңгуюктан чыгып, Евразиянын транспорттук-логистикалык хабына айлануу мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөттү», — деп баса белгиледи эксперт.

Батыш менен Чыгыштын ортосундагы медиатор

Бишкек саммитинин дүйнөлүк саясаттагы ролун баалап жатып, Насыров болуп көрбөгөндөй жаңы форматка көңүл бурду: Кыргызстан биринчи жолу 20дан ашык өлкөнүн лидерлеринин башын бириктирип, «плюс» механизмин колдонуу менен Батыш менен Чыгыштын ортосунда өзгөчө бир ортомчу (медиатор) катары чыга алды.

«Кыргызстан биринчи жолу глобалдык жана аймактык күн тартибин калыптандыруунун толук укуктуу катышуучусу боло алды. Кыргызстан өзүнүн дипломатиялык капиталын арттырып, тиешелүү дивиденддерин алды: коопсуздукту чыңдоо, экономикалык өсүштүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү, глобалдык маселелерди чечүүгө катышуу, геосаясий пайдалар жана калыптанып жаткан көп уюлдуу дүйнө тутумунда ишенимдүү өнөктөш макамына ээ болду. Бул абдан чоң нерсеге татыйт», — деп сөзүн жыйынтыктады Башкаруу академиясынын мурдагы ректору.

Теги: ШКУ
Scroll to Top