Акылбек Жапаров кызматтан кетеби? Президент сын-пикирлерге жооп берди

Акылбек Жапаров кызматтан кетеби? Президент сын-пикирлерге жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго айтылып жаткан сын-пикирлер жана анын кызматынан кетишин талап кылгандар боюнча комментарий берди.

— Акыркы күндөрү соцтармак колдонуучулары тарабынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго да сын-пикирлер көп болду. “Акылбек Жапаров кызматын тапшырып кетсин!” дегенге чейин жетишти. Анын ичинде жөнөкөй эле жарандар да. Бир чети буга ОСАГО деп аталган унааларды милдеттүү камсыздандыруу, ошондой эле башка салык түрлөрү кирет дегендей демилгелер себеп болдубу?

 Ооба, туура. “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн.

Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, “бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, Өкмөт, токтогула” деп жол көрсөтүп турам.

ОСАГО боюнча айта турган болсом, бул автомобилдерди камсыздандыруу долбоору 2015-жылы эле башталган иш экен. Баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор.

Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>