Кыргызстанда 25 мал союучу жай жабылды

Кыргызстанда 25 мал союучу жай жабылды

Жыл башынан бери он бир айдын ичинде өлкөнүн Ветеринария кызматы 93 мал союучу жайдын 25ин убактылуу жапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Текшерүү иштери жарандардын кайрылуусу жана Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарынын негизинде өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн негизинде 25 мал союучу жайга актылар түзүлүп, эскертүү берилди. Анын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, 25 мал союучу жайга мыйзам бузууларды жоюуга 1 айлык мөөнөт берилди”, — деп белгилешти мекемеден.

Ошону менен бирге, Айыл чарба министрлиги 2023-жылы калкты таза жана сертификацияланган азыктар менен камсыз кылуу максатында ар бир облуска бардык талаптарга жооп берген мал союучу жайларды куруу пландалып жатканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>