Жапырт камоолор: Дагы бир нече активист камакта калтырылды

Жапырт камоолор: Дагы бир нече активист камакта калтырылды

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган бир нече активисттин бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун чечими менен Жеңиш Молдокматов, Мамбетжунус Абылов, Гүлнара Журабаева, Эрлан Бекчоро уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтү узартылган. Алар №1 тергөө абагында 20-февралга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>