Реформалар жана насыялар. Жогорку Кеңеш кандай мыйзам долбоорлорун кабыл алды?БШК онлайн жыйын өткөрө алат. Мыйзам долбоорун ЖК кабыл алдыВенесуэлада үрөй учурган жер титирөө: Каза болгондордун саны 1400дөн аштыЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу: АКШ танкерге жасалган чабуулга жооп катары Иранга сокку урдуТаш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону реконструкциядан кийин ачылдыБаткенде селден улам жабылган жолдор ачылып, электр жарыгын берүү калыбына келтирилүүдө
Кыргызстанда 456 млрд сомдук мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору ишке ашууда
19.05.2026 | 11:35

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунда учурда 456 млрд сомдук 90дон ашык долбоор бар. Анын ичинен 67 долбоор ишке ашыруу стадиясында, ал эми 23ү даярдоо баскычында турат. Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь–апрель айларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашкан 4 келишимге кол коюлду. Ошондой эле МЖӨ алкагында төмөнкүдөй долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды:
- Социалдык тармак: Бишкекте CITY Market базарынын курулушу башталды. Санитардык объектилер тармагын өнүктүрүү иштери жүрүүдө. Аймактарда «Береке Базары» рыногун реконструкциялоо боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми Орловка шаарында курулуш материалдарын чыгаруучу завод ишке кирген.
- Инфраструктура: Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлган. Мындан тышкары Макмал–Каракол темир жолунун долбоорун иштеп чыгуу улантылууда.
- Энергетика: Жалпы кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн жана шамал электр станцияларынын, ошондой эле чакан ГЭСтердин долбоорлору илгерилетилүүдө.
Агенттиктин маалыматында, эл аралык баалоонун жыйынтыгы менен Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытында 68-орундан 22-орунга көтөрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика