Кант диабети, бөйрөк ооруларын дарылоого канча акча жумшалат?

Кант диабети, бөйрөк ооруларын дарылоого канча акча жумшалат?

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында онкологиялык, бөйрөк оорулары, кант диабети, гепатит менен ооруган адамдарды, ошондой эле органдарын трансплантациялоо боюнча операция жасаткан жарандарды керектүү дары-дармектер менен камсыздоо боюнча  Саламаттык сактоо министринин маалыматы угулду.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе боюнча саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова маалымат берди. Анын айтымында, өнөкөт бөйрөк алсыздыгына байланышкан аз кандуулукту дарылоо үчүн колдонулган дары каражаттарына 2021-жылы 89 млн 285 миң сом, 2022-жылдын 9 айында 39 млн 631 миң сом каралган.

«Мындан тышкары бүгүнкү күндө 75 миң 600 кант диабети менен жабыркаган жаран бар. Анын ичинен 28 миңи инсулинге көз каранды. 2022-жылы 192 млн сом каражат бөлүнүп, дары каражаттары сатылып алынды. Ошондой эле вирустук гепатит үчүн 23 млн сомго дары-дармек ташылып келинген», – деди министр.

Талкуу маалында депутат Ырысбек Атажанов аталган ооруга чалдыккандар жыл санап көбөйүп жаткандыгын белгилеп, илдеттин кесепеттерин азайтуу жаатында алгылыктуу кадамдарга баруу керектигин айткан.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева бөйрөгүн алмаштырууга мажбур болгон жарандардын саны канча экенин тактады.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 344 оорулуу бөйрөгүн алмаштырганын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Аида Исатбек кызы оор илдеттерге, айрыкча онкологиялык ооруларга чалдыккан жарандарды дары менен ыкчам камсыздоо кыйынчылык туудуруп жатканын жүйө келтирип, дары каражаттарын тендерсиз, ыкчам алуу жаатында атайын жобо иштеп чыгуу же керектүү дарыларды атайын жеңилдетилген шартта алынуучу тизмеге кошуу маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында бир катар сунуш-пикирлер айтылып, берилген маалыматты эске алуу чечим кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>