Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат

Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат

Кыргызстанда 7-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бирифингде айтты.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн аралыкты сактоосу жана коопсуздуктары боюнча  авиакомпаниялар иш  жүргүзүүсү зарыл.

Коронавирус инфекциясы тез тарай турган жер жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор эсептелинет. Анын ичинде авиакаттамдар. Учакта да ошондой маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, тартиптерди так сактоо менен иштеш керек. Экономикалык тармактарды ишке киргизүү менен оорунун жугузуу коркунучу жогору болгонун түшүнүп жатабыз. Экономикалык тармакты токтотуп койсок, көптөгөн жарандар жумушсуз калганына күбө болдук», —  деген ал.

Вице-премьер кошумчалагандай, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>