Кыргызстанда акыркы үч айда жол кырсыктан 99 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы үч айда жол кырсыктан 99 адам каза болду

Кыргызстанда жыл башынан тартып, үч ай ичинде 1364 унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 99 адам каза болуп, 1965 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы — 8 пайызга, жаракат алгандар — 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар — 20,8 пайызга азайган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, айдоо маданиятын калыптандырууга, айдоочуларга “Өмүр бир келерин, аны жол кырсыксыз татыктуу өткөрүү керек” экендигин психологиялык аң сезимине жеткирүүгө үгүттөгөн “Адам жаны — аманат” аттуу акциясын өткөрүштү.

Анда, жол кырсыгына кабылган унааларды эвакуаторлорго жүктөп, шаарды кыдыртып, айдоочуларга эгерде ылдамдыкты сактабаса, мас абалында унаа башкарса, жол чырактарга баш ийбесе, карама-каршы тилкелерге чыгып айдаса, автоээнбаштыктарды жасаса,  жол эрежелерин так сактабаса жыйынтыгы  мына ушундай жол кырсыктарына алып келээрин көрсөтүп, эскертишти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>