Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2023-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 2022-жылы жүргүзүлгөн эл каттонун жыйынтыктарын эске алганда 7 миллион адамды түздү. Ошол эле убакта Кыргызстандын калкынын жалпы санында эркектерге караганда аялдардын санынын өсүшү сакталууда.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш).

“Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Учурда 60 жашта болгон аялдар дагы 21 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ, ошол эле убакта эркектердеги бул көрсөткүч болгону 15 жыл”, — деп айтылат маалыматта.

Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6-1,7 эсеге жогору.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>