Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт (тизме)

Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт (тизме)

Бүгүн, 29-ноябрдагы  Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу паралменттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору улуттук идеологияны бекемдеп, белгилүү ысымдарды кайтаруу максатында иштелип чыккан.

Айыл аймактардын аталыштары төмөнкүдөй болуп алмаштырылат:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;

— Ысык-Көл облусунун Семёнов айыл аймагы — Кожояр;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Дөш айылы — Тынчтык;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Дүкүр айылы — Достук;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чек айылы — Ынтымак;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Комсомольское айылы — Кытай;

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семёнов айылы — Кожояр-Ата.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>