Тазабек Икрамов шайлоого келбегендерге айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды

Тазабек Икрамов шайлоого келбегендерге айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды

Депутат Тазабек Икрамов шайлоого келбеген жарандарга 5 миң сом айып пул салууну караган мыйзам долбоорун чакыртып алууну чечти. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Мен бул мыйзам долбоорун чакыртып алуудамын. Ал депутаттардын жана элдин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен толукталат. Андан соң кайрадан коомдук талкууга коюлат», — деди ал.

Анын айтымында, депутаттар документке жарандарды шайлоо участкаларына келүүгө үндөгөн нормаларды киргизүүсү керек.

Буга чейин Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган Кыргызстандын жарандарына 5 миң сом айып салууну сунуштаган. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда депутат жарандары жүйөлүү себепсиз шайлоого катышпай калгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан Австралия, Бразилия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын негизге алган.

Бул мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан четке кагылган.

Добуш бербесе камалат. Өлкөлөрдүн жарандарды шайлоого катыштыруу ыкмалары

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>