Ошто унаа айдаган өспүрүмдүн атасына айып салынды

Ошто унаа айдаган өспүрүмдүн атасына айып салынды

Айдоого укугу жок өспүрүмгө авто транспортун бергендиги үчүн, өспүрүмдүн атасына 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда 7-класстын окуучусу жаш балдарды салып алып, күбөлүгү жок унаа башкарып жатат деген видео жарыяланган.

Бул маалымат боюнча  Ош облусунун  Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  бөлүмүнүн кызматкерлери  ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, авто унааны таап, айдоочусу жаш өспүрүм болгондуктан, ага унааны башкарууга бергендиги үчүн, атасына 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону жана айдоочулук күбөлүк албайынча аларга унаа каражатын башкарууга бербөөнү өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ЖКККББ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>