8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырды
Кыргызстанда бир күндө 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди
01.01.2024 | 14:43
Кыргызстанда бир күндө (31-декабрь саат 08:00дон 1-январь саатка 08:00го чейин) 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ымыркайлардын 143ү бала, 133ү кыз. Алардын арасында эки эгиз бар. Алар Ош облустар аралык ооруканасында жарык дүйнөгө келген.
15 бала кесарево жолу менен төрөлгөн.
2024-жылы биринчилерден болуп (саат 00:00) Бишкектеги №2 төрөтканада кыз, Кызыл-Кыядагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда кыз, Кеминдеги Жалпы дарыгерлик практика борборунда бала, Жалал-Абаддагы бириккен ооруканада кыз жана бала жарык дүйнөгө келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом