Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн башка балбандары менен бирге күйөрмандарын Жаңы жылы менен куттуктады (видео)

Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн башка балбандары менен бирге күйөрмандарын Жаңы жылы менен куттуктады (видео)

Кыргызстандык балбан кыз, дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын беш жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн атактуу балбандары менен бирге күрөш күйөрмандарын Жаңы жылы менен куттуктады. Видео куттуктоо Дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчаларына жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова күрөш күйөрмандарын англис тилинде куттуктап, «Мен — Айсулуу Тыныбекова. Кыргызстандан болом. Баарыңыздарга бактылуу Жаңы жыл каалайм, Парижде көрүшөбүз» деди.

Куттуктоо жолдогон спортчулардын арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону италиялык жана кубалык Франк Чамисо, Олимпиаданын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпиону ирандык Мохаммад Реза Гераеи, дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону япониялык Акари Фудзинами жана башкалар бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>