Ысык-Көлдө теплоходдорду пайдаланууда экологиялык мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталдыBrent мунайынын баасы Ирандагы кырдаалдан улам июндан бери биринчи жолу баррелине 96 доллардан ашты23-июлга карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын болжолуЖИ доорундагы котормочулардын келечеги: КРСУнун бүтүрүүчүсүнүн көз карашыКОСУнун студенти «Жайкы университет – 2026» долбоорунун байге ээлеринин катарына кирдиКыргызстанда никеге туруу арызын эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу берсе болот
Кыргызстанда бир жумада 179 адамдан коронавирус аныкталды
29.08.2022 | 11:33
Кыргызстанда бир жумада, 22-28-августта, Covid-19дун жаңы 179 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, катталган учурлардын ичинен 26 бейтап ооруканага жаткырылган, 153 адам амбулатордук дарыланууда.
Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
Жыл башынан бери жалпысынан COVID-19дун 20 968 учуру катталган, анын ичинде 18967 (90,5 %) учур лабораториялык түрдө жана 2001и (9,6%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом