Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио
Баткендин сейил багына 3 млн сомго даараткана курулду
29.08.2022 | 12:26
Баткен шаарындагы “Жаштык” эс алуу багында 3 миллион сомго заманбап даараткана курулуп, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы маалымдады.
Маалым болгондой, даараткана ички инвестициянын негизинде курулду.
“Мындан тышкары “Жеңиш” эс алуу багында Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион сомдук заманбап даараткана куруу пландалууда. Ошондой эле, буга чейин жергиликтүү бюджеттен шаардын Ходжаев көчөсүндө жалпы колдоонууга багытталган даараткана курулуп, пайдаланууга берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Баткен шаарында коомдук жайларга заман талабына ылайык даараткана куруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом