Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Кыргызстанда бир жумада 220 мас айдоочу кармалды
26.06.2023 | 16:08
Кыргызстанда 17-июндан 26-июнга чейин 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
– тийиштүү документтери унаа башкаргандар – 233;
– мас абалында унаа айдагандар – 220;
– унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 833;
– унаа каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 миң 611;
– автоээнбаштык – 9;
– ылдамдыктан ашырып айдоо – 4 миң 134;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 859;
Ошол эле учурда, жол эреже бузуу боюнча 1 миң 550 авто унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом