Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы сейсмикалык активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу сейсмикалык мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

“Жакында Түркия менен Сирияда жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган коркунучтуу жер титирөөлөргө бүт дүйнө күбө болду. Биздин өлкөдө күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр бир нече жолу болгон, ошондуктан биз ар дайым “даяр” болушубуз керек”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, “КР УИАсына тиешелүү республика эгемендүүлүк алган жылдан бери бир дагы жаңы имарат курулган эмес, аны менен катар академиянын имараттарында олуттуу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес”.

“Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар өлкөбүздүн жарандарынын жалпы жыргалчылыгы жана алардын коопсуздугу үчүн бириккен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем”, – деп жыйынтыктаган министрлер кабинетинин төрагасы имаратты курууга көмөктөшкөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы эки кабаттуу имарат институттун штаб-квартирасы жана илимий борбору катары пайдаланылып, толук кандуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>