Кыргызстанда бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды

Акыркы жумада республикада 19 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Республиканын аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жол кырсыктарын жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Акыркы жумада республика боюнча 19 миң 200 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Алардан:

— айдоочулар тарабынан белгиленген ылдамдыкты ашыра аткаргандыгы үчүн — 2 миң 682;

— тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо үчүн — 300;

— транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн — 7 миң 291;

— транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарына ылайык келбегендиги үчүн — 22;

— автобейбаштык — 6;

— жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн — 490;

— транспорт каражатын кайра жабдууга — 128;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн — 7372;

— айнектери караңгылатылган транспорт каражатын айдоо үчүн — 57;

— транспорт каражатын мас абалында айдагандыгы үчүн — 388;

— айып унаа токтотуучу жайга — 1 миң 107.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясы бардык жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат: «Өзүнө ашыкча ишенүү, жол эрежесин тоготпоо жана башкаларды кароосуз калтыруу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Жол кыймылынын бардык катышуучулары өздөрүнө тиешелүү болгон жол эрежелерин билүүгө жана сактоого милдеттүү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>