Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бокс боюнча Болгарияда өткөн мелдеште кыргызстандык эки мушкер коло медаль тагынды
28.02.2022 | 09:20
Кыргызстандыктар бокс боюнча эл аралык турнирде эки медаль утуп алышты.
20-27-февраль күндөрү Софияда (Болгария) IBA Бриллиант лигасынын алтын бокс сериясындагы биринчи турнир болгон – Strandja 2022 турнири өттү. Ага 36 өлкөдөн 450 алдыңкы спортчулар катышты. Медалдар эркектер арасында 13, аялдар арасында 12 салмак категориясында ойнотулду.
Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу баштаган сегиз мушкер катышты. Мелдештин жыйынтыгында Мирлан Түркбай уулу (48 кг) менен Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг) коло медалдын ээси болушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт