Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 50 кишиге жетти.
29-инюнь күнү 269 кишинин анализинен коронавирус аныкталып, бул ооруга чалдыккандардын жалпысаны 5 миң 017ге жетти.