Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө
17.03.2022 | 14:12
Бүгүн, 17-мартка карата Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктарда АКШ долларынын курсу бир аз төмөндөгөнү байкалды. Тактап айтканда, коммерциялык банктарда доллардын курсу орточо эсеп менен 98 сомго түштү.
Коммерциялык банктарда доллар 97-98 сомго сатып алынып, 100-101 сомго сатылууда.
Евро 107-109 сомго сатып алынып, 110-112 сомго чейин сатылууда.
Ал эми орус рубли 0,90 тыйындан сатып алынып, 1,10-1,12 сомдон сатылууда.
Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 104,9626 сом, евро 115,3539 сом, рубль 0,9237 деп көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, өткөн аптада доллардын сомго карата курсу тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, коммерциялык банктарда бир АКШ доллары 106-107 сомдон сатылып жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика