Кыргызстанда эки күнгө эки маал электр жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда эки күнгө эки маал электр жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда 10-11-ноябрда эртең менен жана кечинде электр энергиясын пайдаланууга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр 11-ноябрда Токтогул ГЭСинин 2 гидроагрегатын тездетип ишке киргизүүгө байланыштуу болот. Буга чейин агрегатты 15-ноябрда ишке берүү пландалып жаткан.  Эки агрегат ишке киргизилишине байланыштуу иштеп жаткан агрегаттарды өчүрүү зарыл.

«11-ноябрдан кийин кадимки режимже болот. Кошумчалай кетейин, ноябрдын аягында №4 ГЭСти ишке киргизебиз деп жатабыз. Балким, ноябрь айынын аягында ушундай учурлар болушу мүмкүн. Биз андан качууга аракет кылып жатабыз. Бирок баары бири-бири менен байланышкан, жабдуулар жана электр станцияларынын суу-энергетикалык балансы бар. Ноябрдын аягында мындай чектөөлөр киргизилиши мүмкүн», — деди Айбек Айдаралиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>