Казакстан темир жана унаа жолдоруна уруксаат берди

Казакстан темир жана унаа жолдоруна уруксаат берди

Казакстан темир жана транспорт жолдору менен өтүүгө уруксаат берди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңеште өлкөдөгү социалдык абалды угуу жыйыны учурунда билдирди.

Ал эми Орусия менен дагы темир жана транспорт жолдоруна уруксаат берүү боюнча сүйлөшүүлөр болот. Ошол эле маалда аба каттамдарындагы жол киренин кымбаттап кетиши боюнча айта кетсем, келээрки жумадан кийин Орусиянын “Аэрофлот” компаниясынын учактары Кыргызстанга каттай баштайт”— деп депутаттын суроосуна жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Орусияга учактардын баасыны 40 мин сомго жетти.  Ал жактагы кыргыз жарандарынын Кыргызстанга келүүсү кыйынчылыкты жаратып жатат. Алар Кыргызстанга келип иш кылышсын. Пандемияга байланыштуу транспорт жана темир жолдору токтоп турат, бул жолдорду ачышыңар керек? Качан ишке ашарысыңар?” – деген суроо салган эле…

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>