Кыргызстанда эки жылда жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды

Кыргызстанда эки жылда жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды

Кыргызстанда эки жылдын ичинде жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.

Форумдун максаты – улуттук прогрессти жана өнүгүү максаттарына жетүүдөгү чакырыктарды карап чыгуу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган саясатты аныктоо жана аны кыскартуу жолдорун талкуулоо.

Улуттук форум жакырчылык жана теңсиздик менен күрөшүүгө багытталган мамлекеттик жана коомдун ресурстарын мобилизациялоо боюнча эң мыкты улуттук жана эл аралык тажрыйбаларды сунуштайт.

«Акыркы эки жылда республикада жумушсуздардын саны 7,7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0,3%га кыскарды. Ошону менен бирге калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында калкты иш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Эки жылдын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылды”, — дейт Гүлнара Баатырова.

Министр ошондой эле калктын аярлуу катмарын колдоо жаатындагы иш-чараларды белгиледи.

“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго, улгайган жарандарга жөлөкпулдар жана ар кандай социалдык төлөмдөр 100дөн 200%га чейин жогорулатылды. Жеке ассистентерге төлөмдөр 30%га жогорулап, майыптык алуу тартиби автоматташтырылган.

“Социалдык контракт” программасынын алкагында дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, бүгүнкү күндө туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзүшүүдө. Бул 70 миңден ашык адамдын турмушун жакшыртты», — деди Гүлнара Баатырова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>