Таластын Арал айылында 450 орундуу жаңы мектеп ачылды

Таластын Арал айылында 450 орундуу жаңы мектеп ачылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Арал айылына барып, Касымкул Нанаев атындагы орто мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 450 орунга ылайыкташкан билим берүү жайынын курулушуна жана окууга керектүү жабдуулар менен камсыздоого жалпы 124 млн сомдой каражат жумшалган.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев акыркы эки жылда мамлекет тарабынан мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелерди курууга өзгөчө басым жасалып жатканын белгилеп: “Былтыр, Бишкек шаарында эле 17 жаңы мектеп салынса, быйыл жалпы республика боюнча 100 жаңы мектеп имаратын ачуу мерчемделген. Анын токсону бүтүп, дагы ону жыл аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Андан тышкары, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан инфраструктарлык көйгөйлөрдү жоюу жаатында да алгылыктуу иштер аткарылып, аймактардагы жолдорду жаңылоо, калкты суу менен камсыздоо өңдүү долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди.

Муну менен катар жасалып жаткан реформаларга да токтолгон төрага: “Ырааттуу жүргүзүлгөн саясаттын негизинде социалдык-экономикалык багытта бир топ ийгиликтерге жетиштик. Алсак, 2020-жылдары республикалык бюджеттин көлөмү 240 млрд сомдун тегерегинде гана болсо, анын көлөмү жылдан-жылга артып, кийинки жылдын бюджети 657 млрд сомдун айланасында болору белгиленди. Жылда таңкыстык менен бекитилген бюджет, кийинки жылы профицит менен бекитилгени турат”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн айткан Нурланбек Шакиев мыйзамсыз көрүнүштөрдү азайтуу аркылуу ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен гана өлкөнү өнүктүрүүгө болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Русланбек Жакышов, Гуля Кожокулова, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>