Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргызстандыктар алдыда беш күн катары менен эс алышат
03.11.2023 | 21:13
Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөн.
Бул жылы 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда министрлер кабинети 6-ноябрь – иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен.
Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.
Ошондой эле мектеп окуучуларынын каникулу дагы башталат, ал 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат, сабактар 13-ноябрда башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар