Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстанда эң көп айлыкты кимдер алат?
09.11.2022 | 11:14
Кыргызстанда каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу менен алектенген кызматкерлер эң көп киреше табат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, бул тармакта иштегендердин орточо эмгек акысы 49 миң 869 сом деңгээлинде белгиленди. Айта кетсек, былтыр декабрь айында 58 миң сомдон ашык акча маяна алышкан.
Ал эми, эң төмөнкү орточо эмгек акыны айыл, токой жана балык чарбасында иштеген кызматкерлер алышат. Алардын айлык акысы 13 миң 99 сомду түзөт.
Эске салсак, HeadHunter жумуш жарыялоо сайтынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жогорку акы төлөнүүчү кесиптер риэлторлор, аналитиктер жана брокерлер болуп саналат. Алардын орточо айлыгы 70 миң сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика