Кыргызстанда гольф ышкыбоздору арасында эл аралык мелдеш өттү

Кыргызстанда гольф ышкыбоздору арасында эл аралык мелдеш өттү

Кыргызстанда быйылкы гольф сезону жабылып, ага карата 28-29-октябрда гольф ышкыбоздору арасында Kyrgyz Open 2023 эл аралык мелдеши болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Канада, Түштүк Корея, Кытай, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.

Kyrgyz Open 2023 мелдеши Кыргызстандын Гольф федерациясынын расмий тизмесине киргизилген. Бул турнирге ийгиликтүү катышкан гольфчулар рейтингдик упай алып, өздөрүнүн позицияларын жакшырта алат. Мелдешти өткөрүүгө «Кант ТШИ» ишканасы башкы демөөрчү болду.

Танвир Афтаб

«Мен голфту 1977-жылы ойной баштагам. Андан бери гольф ойногондордун саны артты. Мен үчүн гольф клубга өнөктөш болуу зор кубаныч. Себеби алар спорттун бул түрүн өнүктүрүүдө. Гольф физикалык гана эмес, психологиялык даярдыкты да талап кылат. Спорттун бул түрүнүн келечеги бар деп эсептейм. Болгону элди кызыктырып, таланттуу оюнчуларды таап чыгуу керек», — дейт «Кант ТШП» ишканасынын акционери Танвир Афтаб.

Мелдеш Чүйдүн Кара-Жыгач айылындагы «Клен жалбырагы» гольф-клубунда өтүп, 13 жашка чейинки жана 14-32 жаштар арасындагы оюнчулар арасында үч тайпада өттү. Оюндар эки күнгө созулуп, оюндун ар бир күнүндө гольфчулар 18 лункалуу талаадан өтүштү. Жалпы жыйынтык боюнча үч тайпадагы жеңүүчүлөр аныкталды.

Гольф Олимпиада оюндарынын катарына кирген спорт болуп саналат. Гольфто спортчу акылын, күчүн колдонуп оюн жүргүзүшү керек. Стратегиялык ой жүгүртүү, эмоцияны кармоо, шык-жөндөм зарыл.

Кыргызстандын Гольф федерациясынын башкы катчысы Андрей Мымрин федерациянын иши тууралуу айтып, спортчулар чет жердеги мелдештерге ийгиликтүү катышып жатканын белгиледи. Маселен, кыргызстандык гольфчу Кенжебек Калмурзаев Казакстандагы турнирде биринчи орунду алган, ошондой эле Жантай Малатаев Азия чемпионатында финалдык бөлүккө чыккан.

Андрей Мымрин

«Мындай жыйынтыкка КМШ өлкөлөрүндөгү бир да спортчу жетише элек. Чынында муну менен сыймыктанууга болот. Ошондой эле балдар арасындагы гольф да өнүгүүдө. Мелдештерде экинчи орунга татыган эки бала жана үчүнчү орун алган бир балабыз бар. Гольфчуларды машыктыруу, алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү иштерин улантмакчыбыз», — дейт ал.

Анын айтымында, учурда Ысык-Көлдө гольф-клубдун курулушу жүрүп жатат. Аталган гольф-клубда эл аралык мелдештерди, аны менен катар кесипкөй гольфчулар арасындагы турнирлерди өткөрүүгө мүмкүн болот.

«Эгер оюн талаасында кесипкөйлөр арасындагы мелдешти өткөрүүгө мүмүн болсро, ал эң мыкты деп эсептелет. Ысык-Көлдөгү гольф-клуб эл аралык стандарттар боюнча салынууда. Ал шотландиялык долбоорчу тарабынан жасалууда. Оюн талаасына тиешелүү сертфикат берилет. Ал жерде эл аралык жана кесипкөйлөр арасындагы мелдештерди өткөрүүгө болот.

Биздин оюн талаалар башка өлкөлөрдүкүнө атаандаштык кылып калат», — дейт.

4 жылдан бери гольф ойноп келе жаткан 23 жаштагы Мадина Таштанбекова гольф ойноп күч аларын айтат.

Мадина Таштанбекова

«Мен өзүмдү гольфтун тобу, лунканы максатым деп элестетем. Мээлеп, топту лункага түшүрөм. Гольф чынында жакшы оюн. Эс алдырат, табият менен байланыш түзүлөт. 

Гольф ойноп баштагысы келип, бирок эч баштай албай жаткандарга эртелегиле деп кеңеш берем. Мындай эмоцияны ар бир адам сезип көрүшү керек. Дароо айта кетейин, гольф баары ойлогондой анчалык кымбат оюн эмес», — дейт Мадина Таштанбекова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: гольф

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>